27-апрелде саат 11:00дө борбор калаадагы Курманжан Датканын айкелинин алдында Кыргыз Республикасынын Баатыры, дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында ири китеп жарманкеси өтөт.
«Ал жерде балдар үчүн да ар кандай аянтчалар даярдалат. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытайдан келген илимпоздордун катышуусунда конференция болот», — деп айтылат маалыматта.
К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 27-апрелде саат 3:00дө салтанаттуу иш-чаралар өткөнү турат.
Былтыркы жетишкендиктин арты менен быйылкы көргөзмөгө чет өлкөдөн да окурмандар келери белгиленди.
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 23-апрелде белгиленет.