Connect with us

Human Rights Watch уюму Акыйкатчыны кызматтан кетирбөөгө чакырат

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 321 | 0

Кыргызстандын парламенти өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматованы беш жылдык мөөнөтү бүтө электе кызматтан кетирбеши керек. Мындай пикирин 26-апрелде Human Rights Watch уюму билдирди.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын отчётун угуп, талкууламак, бирок сөзүн аягына чыгарбай токтотушкан. Андан кийин Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү маселеси көтөрүлгөн.

«Бул кадам анын 2022-жылдын 23-октябрында чек ара маселеси боюнча өкмөт менен макул болбогон 25 жарандык активист, блоггер жана саясатчылардын камакка алынышын катуу сындаганына жооп болушу мүмкүн. Кеминде 20 адам камакта. Ал ошондой эле өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлап баратканын ачык айтты.

Абдрахматованын кызматтан алынышы Кыргызстандын адам укуктары боюнча милдеттенмелерине олуттуу мамиле жасабай жатканы катары кабыл алынып, эл аралык коомчулукка дагы бир коңгуроо болот. Өкмөт Акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгын жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча өзүнүн милдетин эркин аткарышын камсыз кылышы керек«, — дейт Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Парламент Акыйкатчынын маселесин кийинки жыйындарында талкуулоосу күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун 19-апрелдеги жыйынында билдирди.

Абдрахматова 2022-жылдагы иштери боюнча баяндама жасады. Анда ал адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында аткарылган жаткан иштердин жыйынтыктарын айтып, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо чараларына көбүрөөк токтолуп өттү.

Депутат Кундузбек Сулайманов баяндаманы токтотуп, суроо-жоопсуз добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, аны көпчүлүк колдоого алып берди.

Натыйжада акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууга 14 депутат макул болуп, 41 депутат каршы чыкты.

Акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында да талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM