Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы он мектепте «бомба» коюлганы тууралуу кабар тарады

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 250 | 0
Сүрөт: Бишкек шаардык милициясы.

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектин бир катар мектептерине «бомба коюлганы» тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери он мектептин окуусун токтотуп, окуучуларды, мугалимдерди, кызматкерлерди сыртка чыгарышты.

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө Oxford International School мектебине, Рефал атындагы мектепке, ошондой эле  № 4, 63, 90, 33, 51, 17, 67 жана 62 орто мектептерине «бомба» коюлганы кабарланган.

Өткөн аптада мектептерде, колледждерде, университеттерде жана соода борборлорунда болжолдуу жардыруучу заттар коюлганы тууралуу эки жолу маалымат түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM