Биз менен байланышыңыз

Президент жакырчылыкты жоюу долбоору кандай иштеп жатканын текшерди

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 271 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде «Социалдык келишим» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилип жаткан жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди.

Ал Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырды. Жергиликтүү тургундар бул каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти. Өз аймагында чакан бизнес ачып, үй-бүлөсү үчүн киреше алуучу булак пайда болгонун белгилешти.

«Социалдык келишим» долбооруна ылайык, аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет.

Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.

2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.

2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан аталган долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

«Социалдык келишим»: Жакырчылыкты жоюу долбоору кандай иштеп жатат?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM