Биз менен байланышыңыз

«Социалдык келишим»: Жакырчылыкты жоюу долбоору кандай иштеп жатат?

Коом , Экономика | 3 Мар 2023 | 1248 | 0

Быйыл «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында колунда жок 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилери айтылууда. Бул акчалар адамдардын кыйын кырдаалдан чыгышына көмөк көрсөтүп, жашоосун жакшыртууга салым кошору белгиленген. Долбоор үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керек. Буга чейин 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр учурда кандай иш менен алектенип жатышат? Колунда жоктордун баары бул долбоорго катышууга милдеттүүбү? 

Эки жыл мурун президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде «Социалдык келишим» долбоору ишке кирген.

Демилге колунда жок үй-бүлөлөрдү кыйын кырдаалдан чыгаруу жана аларды активдүү иш-аракеттерге шыктандыруу максатын көздөйт.

«Социалдык келишим» долбооруна катышып жаткан Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунун тургуну Мээрим Садыбакасова былтыр 100 миң сом алган. Ал 8 баланын апасы.

Үй-бүлө мамлекеттен берилген акчага автоунаа сатып алышкан, жубайы бүгүнкү күндө такси унаасын айдап жүрөт. Ошондой эле ал жөлөк пул берилбей калганын кошумчалады.

«Биз 100 миңди былтыркы жылдын ноябрь айында алганбыз. Үстүнө 35 миң сом кошуп, автоунаа сатып алдык. Бүгүнкү күндө жолдошум ошол унаа менен такси кызматында иштеп жатат. 100 миң сом бир жылга эле берилет. Бирок бизге бутка туруу үчүн 3 жыл убакыт берилди. Социалдык фонддун өкүлдөрү биздин бюджетти текшерип турушат. Кирешебиз канча болду, канчалык финансылык жагдайыбыз көтөрүлгөн, көзөмөлдөп турушат. Биз 3 жылдын ичинде оор турмуштук кырдаалдан чыгышыбыз керек».

Бишкектеги Пригородный конушунун тургуну Тахир Шеримбеков өткөн жылы мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сом алып, каалга орнотуучу шайман (фреза) сатып алган. Азыркы учурда айына 20 миң сомдун тегерегинде каражат таап жатат.

«Биз буга чейин колунда жок үй-бүлөлөрдүн тизмесинде болчубуз. Анан бул долбоор боюнча угуп калып, тийиштүү документтерди чогултуп катышканбыз. Берилген 100 миң сомго атайын станок сатып алдым. Учурда иштетип жатам. Мамлекеттен берилген акча кантип сарпталып жатканын келип текшерип турушат. Ай сайын отчёт тапшырып турабыз».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзада Акунова долбоордун катышуучуларын тандоо үчүн жеринде комиссиялар түзүлүп, атайын талаптардын негизинде тийиштүү каражат берилерин түшүндүрдү.

Анын айтымында, өткөн жылы жалпы 2 миң 800 үй-бүлөгө 292 млн сом бөлүнсө, быйыл 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет.

Ошондой эле ал бул акчаны алгандар айыл чарба, өндүрүш, соода жана башка тармактар боюнча иш алып барып жатканын айтты.

«Катышуучуларды тандоо үчүн атайын критерийлер бар. Бул үчүн жеринде комиссия түзүлөт. Өз алдынча башкаруу органдарынын алдында социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзөт. Социалдык келишимди түзүүгө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коюлган талаптарга жооп бериши керек. Ал үчүн колунда жок экенин ырастоочу документи, ошондой эле үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алган болушу керек. Мындан сырткары бизнес план жана мүлктүк көрсөткүч болушу керек».

Министрликтин өкүлү долбоорго жону жука үй-бүлөлөрдүн баары катышууга милдеттүү эмес экенин, каалоочулар гана катышса болорун белгиледи. Ошондой эле социалдык келишим түзгөн үй-бүлөгө үч айдан кийин жөлөк пул берүү токтотулат.

Ал эми мурдагы социалдык камсыздоо министри Улукбек Кочкоров өлкөдө жакыр үй-бүлө катары 15-20 жылдан бери жөлөк пул алгандар бар экенин айтат.

«Бул долбоор үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга жардам берет. Бирок кантип иш жүргүзүү керектиги боюнча министрлик окутууларды өткөрүп, мониторинг жүргүзүп турушу керек», — дейт Кочкоров.

«Бул бир күндө же эки күндө таасир бербейт. Бирок 2-3 жылда пайдасын бере баштайт. Бүгүнкү күндө Өзбекстан ушул демилге менен жакшы өнүгүп келе жатат. Азыркы учурда биз 8 млрд сом жөлөк пул төлөйбүз. Бул каражатты пайдалуу ишке жумшасак болот. Учурда инфиляция болуп кетти. 100 миң сомду көтөрүү керек. Мындан сырткары сөзсүз түрдө долбоорго катышкандарды окутуу керек. Дайыма көзөмөлдөп туруу керек. Кандай гана тармакта ишкердик баштабасын, ал үй-бүлөнү окутуп, көрсөтүп, жардам берүү керек».

Долбоор пилоттук түрдө 2021-жылы иштей баштаса, 2022-жылы толук кандуу күчүнө кирген.

Өткөн жылы өлкө боюнча ар бир районго 50дөн квота берилген. Ал эми быйыл бул квоталардын саны көбөйөт.

Copyright © 2017 Maral FM