Биз менен байланышыңыз

Сүт жана балыкты Орусияга жеткирүү үчүн бир катар шарттар айтылды

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 234 | 0

Москвада 24-апрелде Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын башчысы Сергей Данкверт менен сүт маселесине байланыштуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Россельхознадзордун сайтына жарыяланды.

Маалыматта «Кыргызстандын ветеринар адистери жергиликтүү ишканаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрүнүн реестрине киргизүүдө жана Орусияга продукция жөнөтүүдө формалдуу мамиле кылары тастыкталды» деп айтылат.

«Тактап айтканда, сүт өндүрүүчү ишканаларды текшерүүдө лейкоз, паратуберкулез жана бодо малдын жугуштуу плевропневмониясы боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы берилген эмес; шарп ылаңына каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун тастыктаган документтер болгон эмес. Чарбаларда колдонулуп жаткан дары-дармектер боюнча ишканалардын маалыматы жок болгондуктан, өндүрүштү көзөмөлдөө программалары формалдуу түзүлгөн», — деп жазылган сайтта.

Мындан тышкары Кыргызстандагы балык өндүрүүчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгында ветеринардык күбөлүктөрү жок сырье ташылып келгени аныкталган. Балыктар ишканаларга бочкага салынып, документтери жок келген, маркировка болгон эмес.

Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт Кыргызстанда ветеринардык көзөмөлдүн заманбап системасын куруунун жана продукцияга байкоо жүргүзүү үчүн санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Орусия ушундай шарттар сакталганда гана чет элдик продукцияны сатып алууга даяр экенин билдирген.

Сергей Данкверт Кыргызстандын балык жана сүт өндүрүүчүлөрүн Орусиянын рыногуна кайтаруу Россельхознадзордун текшерүүсүнөн кийин гана мүмкүн экенин айткан.

Жакын арада тиешелүү органдардын өкүлдөрү Кыргызстандын балыкты кайра иштетүүчү эки ишканасын видеотекшерүүнү макулдашып, андан кийин сүт азыктарын өндүргөн ишканаларды карап чыгары айтылды.

«Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов Сергей Данквертке конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, Россельхознадзордун кесипкөй мамилесинин негизинде республикадагы ветеринардык көзөмөл системасын өркүндөтүүгө даяр экенин билдирди», — деп жазылды мекеменин сайтында.

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги бираздан кийин маалымат таратарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM