Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга барат

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 181 | 0

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Орусияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.

«Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Муну менен катар Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда», — деди ал.

Азымбеков быйылкы жылдын 9-майында Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына Садыр Жапаров ардактуу конок катары катышарын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM