Биз менен байланышыңыз

Президенттер кандай тамактарды тандайт?

Блог | 25 Апр 2023 | 501 | 0

Белгилүү ашпозчу Жиллес Брагар: «Тамак-аш баарын бириктирет, саясат, тескерисинче, адамдарды экиге бөлөт», — деген. Эреже катары биз белгилүү саясатчылар, мамлекет башчылары кандай жашаганын аз билебиз, анткени алар жеке жашоосуна эч кимди аралаштырбайт. Бирок айрымдарынын тамактануу адаты белгилүү, биз ушул жаатта кеп козгоону туура таптык.

Беларусь президенти Александр Лукашенко


Мамлекет башчынын сүйүктүү тамагы – картошка, ал өзгөчө картофель котлетин жакшы көрөт. Бирок сүйүүсү күч болгонуна карабай, дарыгерлер президентке бул жашылчадан жасалган тамактарды анда-санда гана жегенге уруксат берет. «Анткени картошканын калориясы жогору болгондуктан жумасына бир жолудан ашык жегенге болбойт», — дешет.

Лукашенко таттууну абдан жакшы көргөнү менен аны көп жебегенге аракет кылат. Андан тышкары крахмал тамактардан, суши менен икрадан кескин түрдө баш тартат.

Суусундуктардан чайды өзгөчө баалап, дайымкы рационуна балыкты, жашылча-жемишти коштуруп турат.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп


Дональд Трамптын сүйүктүү тамактарынын бири — фастфуд, көп учурда эртең мененки тамакты өткөрүп жибергендиктен, кечкисин күчтүү тамактарды жегенди жакшы жакшы көрөт.

Жакында дарыгерлер экс-президентке диета кармоого, айрым тамактардын колдонуу убактысын кайра карап чыгууга кеңеш берген. Трамп бул сунушту кабыл алып, фастфудду жашылча-жемиштерге алмаштырып, эттин ордуна балык жей баштаган.

Экс-президент бул сунушту жактырганы менен кээде «майда каталарга» жол берип, «эт токочту» сүйүп жегенин токтотпой келет.

Украина президенти Владимир Зеленский


Зеленский тамак-ашка өтө кылдат мамиле кылат, анын рационунда эт негизги орунду ээлейт. Ошол эле учурда Зеленский өзү тамак жасаганды жакшы билерин, ал тургай кээде жасай турганын да айткан.

Президент эттен жасалган тамактардан тышкары түрдүү шорполорду, салаттарды жана жашылчаларды жактырат. Украинанын башчысы фастфудтан баш тартканына карабай, шаурма эртең мененки тамакта сөзсүз түрдө столдо болуусун баса белгилейт.

Владимир Зеленский кофени абдан жакшы көргөнүнө карабастан, андан баш тартууга аракет кылып келет.

Орусия президенти Владимир Путин

Эртең мененки тамакка Орусиянын президенти өзү абдан жакшы көргөн кыям кошулган чай ичет. Путин сулу боткосунан башка ботконун  бардык түрүн жейт.

Путиндин айтымында, тамагына балыкты көп кошот. Жашылчаларды да жакшы көрүп, балмуздактан баш тарта албайт. Бирок президент үчүн таттуулар маанилүү деле эмес. Өлкө башчы башка мамлекеттерге барганда улуттук тамак-аштардын даамын татып көргөндү жактырат.

Франция президенти Эммануэль Макрон 

Макрондун менюсунун негизги бөлүгүн француз тамактары түзөт, ага балык жана жашылчалар, ошондой эле жемиштер да кирет. Эммануэль Макрондун жашоосунда жана тамактануусунда фастфуд да чоң орунду ээлейт, бирок ал мындай азыктардан качууга аракет кылып, ашпозчусуна пайдалуу тамактарды гана даярдоону тапшырат.

Даярдаган: Майрамгүл Алиева 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM