Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Евразия университетинде ОшМУнун филиалы ачылды

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 172 | 0

Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы — Кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

ОшМУнун филиалы Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты: котормо жана котормо таануу (ангилис тили), орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо максатында ачылган.

Анын арты менен  келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жылы Ош шаарында, кийинки эки жылы Казакстанда билим алышат.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин  филиалы — Казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM