Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков: Депутаттыкка талапкер болуу укугум бузулуп жатат

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 369 | 0

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектин Ленин округунда өтө турган шайлоого талапкер катары арызын берүү укугу бузулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо бүтөрүнө 4 күн калса да, ЖАКтын жетекчилери бюрократиянын айынан конвой менен алып барып, каттаттуу маселесин чечпей, созуп жатышат.

«Мен түрмөдө жатсам да, Конституция депутаттыкка да, президентикке да талапкерлигимди коюума жол берет. Ушундай эле мен түрмөдө жатып, 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого да катышкам. Ошол маалда да Жаза аткаруу кызматы мени конвой менен Боршайкомго каттоого алып барган.

Садыр мырза, күчтүү жана акылман лидер өз оппоненттерине сый жана татыктуу мамиле жасайт. ЖАКтын жетекчилери, менимче, сиздин буйругуңузду күтүп жаткандай. Мыйзамга ылайык, менин укугумду аткарууга, ЖАКтын жетекчилеринин мага шарт түзүп берүүсүнө буйрук берип коюңузду суранам», — деп президентке кайрылган Жээнбеков.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого талапкер катары катышкан учурда Кой-Таш окуясы боюнча абакта жаткан. Шайлоо күнү президент Садыр Жапаров добушун Равшан Жээнбековго бергенин айткан.

Равшан Жээнбеков ошол жылдын 27-декабрында эркиндикке чыгып, бирок 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад иши боюнча кайрадан камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM