Биз менен байланышыңыз

Шакиев Орусияга расмий иш сапары менен барды

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 178 | 0

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал расмий сапардын алкагында Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM