Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 296 | 0

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана оперативдүү-техникалык иш-чаралардын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы такталды.

2023-жылдын 20-апрелинде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM