Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы билим берүү уюмдарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 261 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга, мугалимдерге коркунуч көбөйгөндүгүнө байланыштуу бардык билим берүү уюмдарында коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө жана мекемелик баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдарынын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

— билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын жана кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;

— билим берүү уюмдарынын корголушунун абалын текшерүү, педагогикалык жамааттарда түшүндүрүү иштерин уюштуруу, мыйзамга баш ийген жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттарды, лекцияларды, ата-энелердин чогулуштарын өткөрүү;

— өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу;

— билим берүү уюмдарына жарандарды жана унааларды киргизүүдө көзөмөлдү күчөтүү;

— өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда кабарлоо жана эвакуациялоо системасын жакшыртуу;

— окуучуларды, студенттерди жана педагогикалык кызматкерлерди алгачкы жардамдын базалык көндүмдөрүнө окутууну жүргүзүү;

— видеобайкоо камераларынын иштөөсүн, өрт өчүрүүнүн башкы каражаттарынын болушун жана оңдугун, кошумча эвакуациялык эшиктердин абалын текшерүү.

Буйрукту окуу жайларга жеткирүү жана аткарылышын көзөмөлдөө милдети Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM