Биз менен байланышыңыз

Эл аралык оюндардан байге алган спортчулардын сый акысын өкмөт бекитет

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 582 | 0

Президент Садыр Жапаров «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан ушул жылдын 1-мартында кабыл алынган.

Мыйзамда дене тарбия жана спорт тармагында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлыктар боюнча мамлекеттик төлөмдөрүн жана өлчөмдөрүн Министрлер кабинети аныктай тургандыгы көрсөтүлгөн.

Бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмү спортчулардын Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азия паралимпиадалык оюндарына, Дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышуусу башталганга чейин бир жыл мурда аныкталат.

Ошону менен бирге чемпиондорго, байге алгандарга, машыктыруучуларга берилүүчү сый акынын өлчөмү, бөлүштүрүү пайызы (курама команданын башкы машыктыруучусуна, улук машыктыруучусуна, спортчунун жеке машыктыруучусуна, биринчи машыктыруучусуна, дарыгерге) мурдагы төлөмдөн кем эмес коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM