Биз менен байланышыңыз

Баткендин чек ара айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 288 | 0

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында 225 орундуу орто мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин курулушуна айыл өкмөтү тарабынан 1,4 гектар жер бөлүп берилген. Курулуучу мектеп эки кабаттан туруп, 225 орунга ылайыкташтырылган. Мектепти куруу мөөнөтү ушул жылдын апрель-август айлар аралыгы деп белгиленген.

Курулуштун тендердик баасы: 83,2 млн сом.

Эскерте кетсек, өткөн жылы чек арада орун алган куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп, пайдаланууга берилген биринчи окуу корпусунун имараты толугу менен талкаланып, калган үч корпусу да жабыркаган болчу.

Бул мектеп Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан курулуучу, куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган облустагы 15 социалдык имараттын катарына кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM