Биз менен байланышыңыз

Салык декларациясын түн ортосуна чейин тапшырса болот

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 395 | 0

Мамлекеттик салык кызматы жеке жактарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин режими өзгөргөнүн билдирди. 

30-апрелге чейин декларациялар эртең мененки саат 09:00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат. Жумуш убактысында келип берүүгө үлгүрбөгөн жеке жактар аны саат 18:00дөн кийин бере алышат.

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө гана тапшырышы керек.

1-майда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участокторунан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Copyright © 2017 Maral FM