Биз менен байланышыңыз

26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 125 | 0

26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Советский» суу топтомундагы оңдоо иштерине байланыштуу Сүйөркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — Ала-Арча дарыясы — Медеров — Радищев — Л.Толстой — Жукеев-Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик-Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM