Биз менен байланышыңыз

Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 24кө жетти

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 376 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 24кө жетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы маалыматта «Ата Мекен» фракциясынын экс-депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков да депутаттыкка талапкерлигин койгону айтылды.

Эске салсак, Эльдар Мадылбеков Бишкек шаарынын Киев көчөсү, 74 дарегиндеги мурдагы бала бакчанын имаратын рейдерлик жол менен басып алуу боюнча айыпталып, «мыйзамсыз басып алуу, алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо» беренеси менен иш козголгон. Биринчи инстанцияда сот Элдар Мадылбековду 9 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Ошондой эле КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышына депутат болгон Дамира Ниязалиева да талапкерлигин көрсөткөн.

Дамира Ниязалиева 2016-жылга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр, ага чейин саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген. 2020-жылы «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылы №32 Кочкор шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин коюп, Мирлан Самыйкожого утулуп калган.

Илим жана техниканы өнүктүрүү ассоциациясынын жетекчиси Нурлан Шапанов да шайлоого талапкер катары катышууга арыз берген.

Буга чейин Эркин Бөлөкбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат Иманкулов, Азат Абдылдаев, Улугбек Калыков, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Бакиев, Турсун Сувиев, Аким Маликов, Айбек Субанов, Андрей Скорняков, Гүлмира Усубалиева, Карачач Исмаилова, Салтанат Сагидаева талапкерлигин көрсөткөн.

No26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Добуш берүү 28-майда болот. Шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM