Биз менен байланышыңыз

Ошто жарыксыз калган 2800 түтүнгө электр энергиясы берилди

Кыска кабар | 23 Апр 2023 | 251 | 0

Ош облусунун Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна таш түшүп, жолду эки тараптуу жаап, электр энергиясын үзгүлтүккө учураткан. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-апрелде саат 02:00 чамасында Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 84-85-чакырым аралыгында болуп, натыйжада 2800 түтүн жарыксыз калган.

Ошол эле күнү президенттин өкүлү Элчибек Жантаев таш түшкөн барып өз көзөмөлүнө алып, жол коопсуздугун камсыз кылуу жана үзгүлтүккө учураган электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берген.

Ошентип, ушул эле күнү саат 18:40та жол бир тараптуу ачылып, автотранспорттор тоскоолдуксуз өтө баштаган. Ал эми 2800 абонентке саат 20:15те толугу менен жарык берилген.

Ыкчам аракеттер менен бардык иштер аткарылды жана тазалоо иштери мындан ары да улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM