Биз менен байланышыңыз

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Кыска кабар | 23 Апр 2023 | 240 | 0

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылып, каттам өз нугунда жүрүүдө.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган унаа жолдун 82-чакырымына зоодон таш кулап, унаа жолду жаап калганын маалымдаган.

Маалыматына ылайык, кулаган таштын узуну 50 метр, туурасы 8 метрдей, болжолдуу 6000 кубду түзөт.

Президенттин облустагы өкүлү Элчибек Жантаев таш кулаган тилкеге барып, жергиликтүү тургундар жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен жолугуп, абалды жөнгө салуу, жолду кыска мөөнөттө ачуу, элге шарт түзүп берүү, үзүлгөн электр энергиясын калыбына келтирүү талаптарын койду.

Жыйынтыгында президенттин өкүлү Алайкуу өрөөнүнүн тургундарынын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тазалоо иштерин тез арада аягына чыгаруу боюнча жооптуу органдарга тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM