Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 23 Апр 2023 | 362 | 0

Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтүп, анда өлкөнүн 70тен ашык алдыңкы компаниялары 6 миңден ашык жумуш сунуштарын беришет. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара 28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. 10600 башталат, кирүү акысыз.

Жарманкеге келгендер учурдагы бош орундардан тышкары кесип тандоо боюнча кеңеш ала алышат, ошондой эле 60тан ашык адистиктер боюнча акысыз кыска мөөнөттүү окуу программасы менен тааныша алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM