Биз менен байланышыңыз

Суданда канча кыргызстандык бар экени айтылды

Кыска кабар | 23 Апр 2023 | 420 | 0

Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу кыргызстандыктарды Суданда армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн куралдуу кагылышынан улам кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бул өлкөгө баруудан баш тартууну сунуштайт.

Бул өлкөдө жүргөндөргө жашаган жеринде калуу сунушталат. Министрлик аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга баруудан алыс болууга чакырат.

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышачылыгындагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын 7 жараны жүрөт, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө, ал эми элчилик Суданда жүргөн Кыргызстандын жарандарын тактоо иштерин улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM