Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте кечки саат 19:00дө «Ынтымак» паркында «Күүлөр. Доорлор баяны» аттуу концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чара «Салттуу музыка жумалыгынын» алкагында өтүп, бүгүн “Күү күнү” белгиленип жатат. Ага ылайык, «Ынтымак» паркындагы аспапчылардын концертине Кыргызстандын белгилүү комузчу, дастанчылары катышат.
Бул жумалыктын алкагында, кечээ 21-апрелде, «Ынтымак» паркында «Манас күнү» белгиленип, манасчылар манас айтты.