Биз менен байланышыңыз

Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы Ош шаарында өтөт

Кыска кабар | 22 Апр 2023 | 384 | 0

17-21-май күндөрү Ош шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жетинчи ирет өтө турган дүйнөлүк фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин улуу жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Иш- чара кыргыздын тарыхын, философиясын, дүйнө таанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо, өнүктүрүү максатында өтөт.

Бүгүнкү күнү Фестивалга катышуу ниетин билдирип Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Россия Федерациясынын субьектилери Башкортостан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен Республикаларынын өкүлдөрү тастыктады.

Фестивалдын алкагында эпос таануучулар жана окумуштуулардын катышуусунда илимий- практикалык симпозиум, айтуучулар арасында “Мыкты Семетейчи”, дастанчылар арасында “Мыкты дастанчы”, кол өнөрчүлөр арасында “Мыкты кыргыз Боз үйү» республикалык сынактары, дизайнерлер арасында “Саркеч көчмөн” эл аралык сынагы жана “Кадырлуу каада салт» сынактары өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM