Биз менен байланышыңыз

23-апрель: Абанын табы 30 градуска чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 22 Апр 2023 | 289 | 0

Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, 23-апрелде жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Ошондой эле, Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 24…29,

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу жерлерде түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5.

Борбор калаа Бишкек шаарында эртең,  23-апрелде жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнү 6…8°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM