Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарында жаан жаашы мүмкүн, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус болот.