Базар-Коргондо аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө Орозо айт алдында Рамазан баштыкчасы таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияттын демилгеси менен «Икомут-Татвиир» фонду тарабынан уюштурулду.
Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүчтөн турган наркы 1100 сомдук азык-түлүк баштыкчалары муктаж адамдарга берилди.