Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттин тилдин саламаттык сактоо тармагында колдонулушу талкууланды

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 192 | 0

Бүгүн, 20-апрелде мамлекеттин тилдин саламаттык сактоо тармагында колдонулушу жана андагы көйгөйлөр талкууланды.

Жыйында Саламаттык сактоо системасында мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздардын жүргүзүлүшү жана колдонулушу, кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери көтөрүлдү.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев айрым медициналык мекеме жана департаменттерде орус тили көбүрөөк колдонулуп жатканын сынга алды.

«Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде мамлекеттик тилди колдонуу деңээли өтө төмөн, абалы начар деп айтсак болот. Бул мекемеде кыргыз тилин колдонуу деңгээли 1%дан эң жогору дегенде 15%га жетет, калганынын баары орусча. Бул жерде медициналык терминдердин өзүндө маселе жок, дары-дармектин, каражаттардын аталыштарын жаза бериңиздер, бирок каттарды кыргызча жазса болбойбу? Буйруктар, кызматтык каттар 100% орус тилинде жүргүзүлөт экен. Бул көрүнүштү биз туура эмес деп эсептейбиз», — деди Каныбек Осмоналиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM