Биз менен байланышыңыз

Соңку 6 жылда Кытай Өзбекстанга 10 млрд доллар инвестиция салды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 467 | 0

Кытай соңку 6 жылда Өзбекстанга 10 млрд доллар инвестиция салган. Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Жамшид Кочкоровдун Кытайга жасаган сапары учурунда айтылды.

2022-жылдын жыйынтыгына ылайык, Кытай Өзбекстандын №2 ири соода шериги экени айтылган. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү былтыр 9 млрд долларга жеткен. Ошондой эле былтыр Өзбекстанда Кытайдын капиталы салынган 275 ишкана түзүлгөн. Жалпысынан бүгүнкү күндө Өзбекстанда 2100дөй кытайлык ишканалар бар.

2016-202-жылдар аралыгында Кытайдын ири ишканалары жана өкмөтү тарабынан Өзбекстандын муназ, газ өндүрүү, токуу, химиялык өндүрүш, инфраструктура, транспорт жана курулуш тармагына жалпы 10 млрд доллар инвестиция кылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM