Биз менен байланышыңыз

Сузакта окуучуларга кол көтөргөн мугалимге сөгүш жарыяланды (видео)

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 178 | 0

Кечээ, 19-апрелде интернет тармагында мугалим окуучуларга көрсөткүч таякча (указка) менен чапканы тартылган видео тараган. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги үн катты.

Министрлик билдиргендей, аталган окуя ушул жылдын 12-апрелинде Сузак районуна караштуу Көкарт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган.

Аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалими Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.

Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалими Абдулашым Жолболдуевге КР билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, сөгүш жарыяланган.

Ал эми №11 М. Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору К.Р. Азимбаевге Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз коллегиясынын чечими менен Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, эскертүү берилмекчи.

Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM