Биз менен байланышыңыз

Баткенде жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 115 | 0

Карбамид түрүндөгү минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы чек ара конуштарынын аймагында кампалар ачылып, жалпы салмагы 27,8 тонна 550 каптан ашык карбамид түрүндөгү мыйзамсыз ташылган минералдык жер семирткичтердин жүгү кармалган.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде жогорудагы башкармалыктын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM