Биз менен байланышыңыз

Орозо айт майрамында 9 миң милиция коопсуздукту камсыздайт

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 201 | 0

Орозо айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында алдын алуу мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Тогуз миңден ашык милиция кызматкери майрам күндөрү укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылат.

ИИМдин «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» буйругуна ылайык аймактык бөлүктөрдө милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөгө даярдыгын жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин аткаруудагы даярдыктары гарнизондук саптык кароолордо текшерүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM