Биз менен байланышыңыз

Президент эртең айт намазга катышат

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 195 | 0

Президент Садыр Жапаров эртең, 21-апрелде, майрамдык айт намазга катышат. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Орозо айтты майрамдоо күнүндөгү салттуу айт намаз Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) өтөт.

Орозо айт намазы 21-апрель, жума күнү таңкы саат 06:00дө окулат.

Айт намаздын программасы:

06:00-07:00 – Дин  аалымдарынын баяндамасы;

07:00-07:30 – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:30 – Айт намаз.

Иш-чара УТРКнын түз эфиринде чагылдырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM