Биз менен байланышыңыз

Алиев: «Дримхаус» курулуш компаниясы жарандарды алдап кеткен

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 180 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев бүгүнкү жыйында турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, шылуундук менен карапайым калкты алдап жаткандарга чара көрүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, Dream House деген алдамчы компания жарандарга үй салып беребиз деп акчаларын алып, изин суутуп жок болуп кеткен.

Кара-Көл шаарынан А. Нурдинбекова аттуу жаран аталган компанияга 400 миң сом берип, кийин таппай калган. Алдап кеткен жакка карата жергиликтүү милицияга жана прокуратурага арыз менен кайрылышып, бирок жыйынтык болгон эмес.

Мындан улам депутат шылуундук менен карапайым калкты алдап жаткандарга тезинен чара көрүү керектигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM