Биз менен байланышыңыз

Аалы Туткучев «Эл ырчысы Эстебес» тобунун жетекчиси кызматынан кетти

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 4910 | 0

Кыргыз Республикасынын эл акыны, төкмө Аалы Туткучев «Эл ырчысы Эстебес» тобунун жетекчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Кызматтан өз каалоосу менен кетип жатканын айткан төкмө акын, топту мындан ары да өнүктүрүү үчүн күчтүү жетекчилер келиши керектигин белгилеген.

«Сегиз жыл ичинде кут даарыган залкар таланттар менен биргеликте жасай алган да, жасай албаган да иштерибиз болду. Театралдаштырылган 5 концерт чыгардык. Айрым концерттерибизди элдин суроосу менен 12 жолу кайталап койгон күндөрүбүз бар. Мурунку жана азыркы Президенттерибиз да көрүп, ыраазы боло баталарын беришти. Автобустуу да болдук. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткенге чейин барып, элдин рух казанына азык салдык. Ар бир эмгегибизге күбө болуп, шык берип турган күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Топтун өнүгүшү үчүн мындан аркысын менден күчтүүлөр иштеши керек. Силерге ыраазымын, силер да менден ыраазы болгула, урматтуу кесиптештер!» — деп жазган акын.

Аалы Туткучев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобуна 2006-жылы катардагы солист катары кабыл алынган. 2014-жылы ушул эле топко жетекчи болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM