Биз менен байланышыңыз

Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти менен жолукту

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 181 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына жасаган жумуш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Президенттин иштери боюнча министри Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоо менен тараптар Кыргызстандын экономикасына тартылган эмираттык инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнүн жогорку динамикасын, анын ичинде энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну белгилешти.

Бул багытта БАЭнин Masdar компаниясы тарабынан Кыргызстанга күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор белгиленди.

Ошондой эле, тараптар биргелешип түзүлгөн «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» ачык акционердик коомунун мындан ары иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM