Биз менен байланышыңыз

Мажитова: Аялдар жоолук салына беришсин, бирок паранжа жамынышпасын

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 1702 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Ош шаарында паранжа жамынган аялдар көп экенин белгилеп, аларга карата тиешелүү органдар иш алып баруусун суранды.

Ал ошондой эле жоолук салынууга каршы эместигин, бирок капкара кийинип, чүмкөнүп алууга терс көз карашта экенин билдирди.

Мажитова белгилегендей, Ош шаарындагы «Социалдык келишим» долбоору боюнча сертификаттарды тапшыруу жыйынына аялдардын көпчүлүгү паранжа жамынып келишкен.

«Жоолук салына беришсин, бирок чүмкөнбөсүн. Эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышат, көзүн гана көрсөтүп? Мына ошолорго карата Дин башкармалыгына тиешелүү тапшырма берип койсоңуз», — деди Мажитова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM