Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Бавариядагы жергиликтүү шайлоодо талапкер болот

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 447 | 0

Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарындагы жергиликтүү парламенттик шайлоодо талапкер болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Фейсбук баракчасына жазды.

Элчинин айтымында, Бермет Абдрахманова «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берип келет. Ал аталган шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист.

«Бермет Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Мен ийгилик каалап бата бердим. Анын депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү. Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тен ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет», — деп жазган Өмүрбек Текебаев.

Ошондой эле «Германиядагы кыргызстандыктар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган денгээлге жетишти», — деп кошумчалаган.

Бавария Германия Федеративдик Республикасындагы көз карандысыз өлкө болуп эсептелет. Ал аянты боюнча 16 федеративдик республиканын ичинен экинчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM