Биз менен байланышыңыз

Араванда айыл өкмөттөрдүн республикалык семинары өтөт

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 186 | 0

Араван районунда 200дөн ашуун айыл өкмөттү бириктирген республикалык семинар өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Жергиликтүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттардын кызматташуусу» аттуу республикалык семинар жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө байланышкан орчундуу маселелерди талкуулоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Семинарда Алля Анаров айыл аймагынын кызматкерлери жергиликтүү жамааттарга кызмат көрсөтүүдө, көйгөйлөрдү чечүүдө колдонула турган жолдорун жана кызматташуунун натыйжалуу стратегияларын үлгү катары көрсөтүп, талкуулашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM