Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 9 мектепке бомба коюлганы айтылып, окуучулар эвакуацияланды

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 218 | 0

Бишкекте бүгүн, 20-апрелде эртең менен 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 07:29 чамасында Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына №33 мектеп-гимназиясынын электрондук дарегине бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине дароо Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу, Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери жана райондук администрациянын жетекчилиги барган.

Милиция тарабынан мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланган.

Мындан тышкары, ушундай эле билдирүүлөр №64, 52, 67, 62 32 мектептерге, Бишкек эл аралык мектебине, Оксфорд, Сейтек жеке менчик мектеперине келип түшкөн. Тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда.

Алдыда кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM