Биз менен байланышыңыз

ТИМ кыргызстандыктарды Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырды

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 259 | 0

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан Судан мамлекетине барбай турууга чакырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Судан өлкөсүндө регулярдуу армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылыш уланууда.

«Тышкы иштер министрлиги кагылышуулардын натыйжасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарын аталган өлкөгө абал толук турукташканга чейин ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Судандын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандары катталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM