Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан кетирүү сунушталды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 239 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизди. Бул тууралуу парламенттин 19-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин регламентинин ченемдерине ылайык, бул сунуш тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова 2022-жылдагы иштери боюнча баяндама жасады. Анда ал адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында аткарылган жаткан иштердин жыйынтыктарын айтып, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо чараларына көбүрөөк токтолуп өттү.

Депутат Кундузбек Сулайманов баяндаманы токтотуп, суроо-жоопсуз добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, аны көпчүлүк колдоого алып берди.

Натыйжада акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууга 14 депутат макул болуп, 41 депутат каршы чыкты.

Акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында да талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM