Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Наркология борборунда 7672 адам каттоодо турат

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 175 | 0

2022-жылы кылмыштардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарга байланышкан 1248 кылмыш иши катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 852 килограммдан ашуун баңгизат алынган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин комитетинде билдирди.

«2023-жылдын 1-январына карата наркология борборунда 7672 адам каттоодо турат. Анын ичинен эркектер 7230, аялдар 442», – деди Абдиев.

Нурбек Абдиев жашы жете элек балдарга врачтардын сунушу жок дары сатканы боюнча Бишкек шаарындагы эки дарыканага 50 миң сомдон айып пул салынганын айтып, дагы бир дарыканага 29 миң сом айып пул чегерилгенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM