Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров окуучуларды митингге катыштырууну сындады

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 255 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Ал билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттарын талкуулады.

Ошондой эле коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Жыйынга Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Президенттик Администрациянын кызматкерлери катышты.

Бишкектеги №102 мектептин окуучуларынын ата-энелери жана кызматкерлери өткөн айда жарыяланган сынакта жеңип келген жаңы жетекчиге нааразычылыгын билдирип, 17-апрелде митинг өткөрүшкөн. Ага окуучулар да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM