Connect with us

Рысбеков: Абактардагы кыйноолор курч көйгөй бойдон калууда

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 428 | 0

Убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө камак мекемелеринде кыйноолор, физикалык зомбулук же психологиялык басымды колдонуу маселеси курч көйгөй бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков кабарлады.

2023-жылдын январь айына карата Улуттук борбордун сунуштамаларынын 3%ы аткарылган. Бакыт Рысбеков Улуттук борбордун сунуштамалары жылдан жылга аткарылбай келе жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда беш жыл ичинде кыйноолорду/физикалык зомбулукту же кармалгандан кийин психологиялык басымды колдонуу деңгээли 1,5 эсе азайып, 2018-жылы 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6%га чейин төмөндөгөн.

Убактылуу кармоочу жайлардагы абал боюнча кененирээк маалымат «Маралдын» эфринде айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM