Убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө камак мекемелеринде кыйноолор, физикалык зомбулук же психологиялык басымды колдонуу маселеси курч көйгөй бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков кабарлады.
2023-жылдын январь айына карата Улуттук борбордун сунуштамаларынын 3%ы аткарылган. Бакыт Рысбеков Улуттук борбордун сунуштамалары жылдан жылга аткарылбай келе жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда беш жыл ичинде кыйноолорду/физикалык зомбулукту же кармалгандан кийин психологиялык басымды колдонуу деңгээли 1,5 эсе азайып, 2018-жылы 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6%га чейин төмөндөгөн.
Убактылуу кармоочу жайлардагы абал боюнча кененирээк маалымат «Маралдын» эфринде айтылган.