Биз менен байланышыңыз

УКМК Токмоктун камактагы мэринин мүлкүн көрсөттү (видео)

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 253 | 0

УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Бул тууралуу Атайын кызмат 18-апрелде расмий маалымат таратты.

Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. 2023-жылдын 17-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Токмок шаарынын мэри кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM