Connect with us

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара менен кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 581 | 0

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди.

Пара алууга шектелген тергөөчүнү кармоо иштерин УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM