Биз менен байланышыңыз

2023-жылдын I жарымында энергетика тармагына 1,4 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 154 | 0

2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча, энергетика тармагына мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында 1,4 млрд сом бөлүнүп, анын 15%ы өздөштүрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • гранттык каражаттан 280,2 млн сом;
  • өздөштүрүлгөн кредит 1,1 млрд сом.

2024-жылга 10,9 млрд сом каралат. Алардын ичинен:

  • грант – 2 млрд;
  • кредит – 8,9 млрд сом;
  • Министрлер кабинетини тарабынан кош каржылоосу – 13,9 млн сомду түзөт.

2025-жылга 5,1 миллиард сом каралат. Алардын ичинен:

  • грантка 1,2 млрд сом;
  • кредитке 3,9 млрд сом;
  • министрлер кабинети тарабынан кош каржылоосу — 33,3 млн сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM