Биз менен байланышыңыз

Токмок шаарынын мэри кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 253 | 0

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган.

«УКМК тарабынан «Токмок жылуулук» МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат», — деп айтылат маалыматта.

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы август айында шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM